2 -сентябрь 2019-жыл. Ош технологиялык университетинде Билим күнү салтанаттуу өттү.

Бүгүн  М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык  университетинде 1-сентябрь – Билим  күнүнө  карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага университететтин  жетекчилиги, окутуучулар,  студенттер жана алардын  ата-энелери  катышты.

Майрамдык  иш-чара Ош технологиялык университетинин  ректору проффесор А.О.Абидовдун сөзү менен башталды.                              “Урматтуу эже-агайлар, ата-энелер жана студенттер.Сиздерди  бүгүнкү  Билим күнү менен куттуктаймын  жана өзгөчө 1-курстун студенттерине, алардын  ата-энелерине  ыраазычылык билдирем. Анткени сиздер  жогорку билимди  Муса Адышевдин ысымын алып жүргөн Ош технологиялык университетинен баштап  жатасыздар. Биздин  университетти тандап, биздин окутуучуларыбызга терең ишеним артып келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Ал эми жаңы окуу жылында университетибизде жаңы жетишкендиктер жана ийгиликтер көп болсун”-деди

Соңунда Ош технологиялык университетинин  маданий  эстетикалык борборунун таланттуу студенттери  тарабынан  концерттик  программа тартууланды.