ОшТУда жаш окумуштуулардын республикалык жайкы мектеби өткөрүлдү.

Ош технологиялык университетинде Инженердик Академия жана Кыргызпатент менен биргеликте, жаш окумуштуулардын республикалык жайкы мектеби өткөрүлдү. Бул жыйынга Бишкек, Каракол, Жалал- Абад шаарларынан, жана республикабыздын булуң бурчтарынан келген 100 дөн ашуун окумуштуулар, адистер жана жаш жеткинчектер катышышты. Традицияга айланган жайкы мектеп бул жылы белгилүү ойлоп табуучу, профессор С. Абдраимовдун 75 жылдыгына арналып, пленардык жыйын окумуштуунун жаркын элесине арналган. Жайкы мектепте жаш аспиранттар жана илим ышкыбоздору өз ара тажрыйба алмашып, дасыккан илимпоздордон мастер сабактарды алышты.