ОшТУда наркы төрт жарым миллион доллар лабораториянын ачылыш аземи болуп өттү.

Ош технологиялык университетинин Технологиялар жана жаратылышты пайдалануу факультетинде германдык GIZ коомдук фондуcунун колдоосу менен курулган жаңы тамак-аш продукцияларын кайрадан иштетүү боюнча заманбап беш лабораториянын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган лабораториянын өздүк наркы төрт жарым миллион долларга чамалайт. Ачылыш аземге Ош шаардык мериясынан, GIZ коомдук фондуcунун өкүлдөрү, Кыргызстандагы Германия мамлекетинин элчилигинин өкүлдөрү, окуу жайдын жетекчилиги жана кызматкерлер катышышты