ОшТУда «Ачык эшик күнү» өткөрүлөт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


7-май күнү Ош технологиялык университетинде 2019-2020-жаңы окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууга карата «Ачык эшик күнү» өткөрүлөт. Бул иш-чара Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулат. Азыр окуу жайдын Кабыл алуу комиссиясы тарабынан абитуриенттердин келишине окуу жай тууралуу маалымат баракчалары, адистиктер боюнча тартылган видеороликтер жана китепчелер даярдалып жатат. Абитуриенттер үчүн «Ачык эшик күнү» бардык факультеттер өздөрүнүн техникалык-базасын көрсөтүшүп, адистиктердин артыкчылыктары жана келечеги тууралуу айтышат.