ОшТУда “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү

7-май күнү Ош технологиялык университетинде орто мектептердин бүтүрүүчү класстардын окучуулары үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү. Аталган иш-чарага шаардагы орто мектептердин 9-жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү келишти. Келечекте татыктуу билим алып, белгилүү бир адистиктин ээси болууну максат кылган жаштар биздин университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, окуу жай жөнүндө кеңири маалыматтарга ээ болушту. Алдыда жыл сайын өткөрүлүүчү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө жүргөндүктөн бүгүнкү “Ачык эшик күндүн” катышуучулары жакшы жыйынтыкка ээ болгон болсо биздин окуу жайдан билим алышаарын белгилешти.