Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү колледжинде академик Б.Мурзубраимов атындагы 2000 сомдон өздүк стипендияны 6 студент алышты

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү колледжинде чоң иш чара болуп өттү, анда жыл сайын салтка айланып калган академик Б.Мурзубраимов атындагы 2000 сомдон өздүк стипендияны 6 студент алышты, аны академик өзү тапшырды. Иш чаранын экинчи бөлүгүндө воллейбол боюнча студенттер арасында спорттук мелдеш болуп, жеңүүчү командалар академик агайдын ала келген өздүк баалуу белектерин алышты. Ал эми ОшТУнун ректору, профессор А.Абидов алдыңкы окутуучуларды жана кызматкерлерди Ыраазычылык баракчалары менен сыйлады. Иш чарага ОшТУнун ректору, профессор А.О.Абидов, Өзгөн районунун акиминин орун басары Рахим Мырзакулов, академик Б.Мурзубраимов, белгилүү журналист КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер белгилүү журналист Жаркын Темирбаева, 100 жашка утурлап калган аксакал педагог, КРнын билим берүүсүнүн отличниги Кимсанбай Абдыразаков, ОшМУнун жана ОшТУнун илимпоз окумуштуулары, коллеждин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери толук курамда катышты. Иш чараны Өзгөн райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору жана талантуу студенттер коштошту