Ош технологиялык университетинде Ош шаарындагы корей тили боюнча 4-оратордук искусство конкурсу өткөрүлдү.

Ош технологиялык университетинде Ош шаарындагы корей тили боюнча 4-оратордук искусство конкурсу өткөрүлдү. Бул конкурс Кыргызстандагы Түштүк Корея Республикасынын элчилиги тарабынан колдоого алынып, Ош Сежоң Хакдаң тарабынан уюштурулду. Иш чарага Кыргызстандагы Түштүк Корея Республикасынын элчиси Ха Те Ёг өзү келип катышты. Конкурска ОшТУ, ОшМУнун студенттери (12 студент) жана ошондой эле, Ош шаарындагы мектеп окуучулары (10 окуучу) катышып, төмөнкү студенттер жеңишке жетишти:

1-орун Абылбек кызы Азатай – ОшТУ
2-орун Сыдыкова Гүлнура – ОшТУ, Оморова Нурпери – ОшМУ
3- орун Нажимидин кызы Күмүшай – ОшТУ,  Арапбаева Айгерим – ОшТУ,  Арапбаева Айзат – ОшТУ

Мектеп окуучулары:

1-орун Сапарбек кызы Мираида – №58 Ак Буура орто мектеби
2-орун Мурзабеков Эламан №50 П.Ж.Нышанов атындагы орто мектеби,  Жакыпбек кызы Минура – №34 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектеби
3-орун Нургазы кызы Мээримгүл – №6 А.С.Макаренко атындагы орто мектеби,  Эшбаева Нураида – ОшТУ мектеп-лицейи