8-май күнү ОшТУнун ректору Түштүк Кореянын ыктыярчылар уюму менен жолугушту

8-май күнү Түштүк Кореянын Сеул шаарында жайгашкан Соңгюнгван университетинен профессор Соң Саң Хё баш болгон ыктыярчылар уюму келип, ОшТУнун ректору проф. Абидов А.О. менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги максаты: июль айында ОшТУда 1 ай бою IT технологиялык программалар боюнча сабак өтүү үчүн алдын ала окуу жайдын материалдык- техникалык базасы менен таанышуу.