Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы Vision K компаниясынын өкүлдөрү ОшТУнун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү

Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы  Vision K компаниясынын президенти Джо Джон Вон баш болгон өкүлдөрү ОшТУга келип, окуу жайдын ректору, профессор А. О. Абидов жана окуу жайдагы түзүмдөрдүн жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.Келген өкүлдөр окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышкан сон, Корей борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышышты. Жолугушууда бир канча эки тараптуу келишимдер түзүлдү. Мындан ары да эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде билим берүү программасын өнүктүрүүнү күчөтүү максатындагы бир нече маселелер айтылды.