Суңшил университетинин кайрымдуулук борборунун ыктыярчылар тобу ОшТУда

8-апрель (дүйшөмбү) күнү саат 14:30да Суңшил университетинин кайрымдуулук борборунун жетекчиси Жоң Ёң Сок жана JJ Hybrid Motors KG заводунун башкы директору Ли Жоң Чоль ОшТУга келип окуу жайдын ректору проф. А.О. Абидов менен жолугушушту.

Жолугушуунун максаты:

Август айында Суңшил университетинин ыктыярчылар тобу ОшТУга келиши пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу алдын ала окуу жай жана анын жетекчилиги менен таанышуу.

Азыркы учурда ОшТУда корей тилинен сабак берип жаткан Суңшил университетинин 2 студенти Пак Да Сом жана Ким Йэ Ындын окуу жайдагы иштерин текшерүү.