ОшТУнун мектеп-лицейинде Ч. Айтматовдун элесине арналган адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү

ОшТУнун мектеп-лицейинде 25-апрель 2019-жылы 10-класстар арасында Ч. Айтматовдун элесине арналган « Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат” аттуу адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү. Анда таланттуу окуучулардын өздөрү Ч.Айтматовго арнап жазган ырлары менен коштолду. Ыр,бий, каармандардын образдары чагылдырылды. Ошондой эле, Ч.Айтматовдун учкул сөздөрү, философиялык ойлорун кеңири сүрөттөп көрсөтүштү.” Биринчи мугалим”, ” Кызыл алма”, ”Делбирим” аттуу чыгармалардан кыскача көрүнүш даярдашты. Адабий-музыкалуу кече тамашоу, ыр, бий жана оюндар менен коштолду.