ОшТУда жаш илимпоздордун жана студенттердин II аймактык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Ош шаардык мэриясы, Ош технологиялык университети өлкөбүздүн өнүгүшүндө келечек жаштарга татыктуу билим жана тарбия берүү жана жергебизде мамлекеттик тилди өнүктүрүү,  аны сактоо максатында, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү маселелерин колго алуу багытында жаш илимпоздордун жана студенттердин II аймактык илимий-практикалык конференциясын Академик Муса Мырзапаязович Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде 2019-жылдын  24-25 апрелинде «Мамлекеттик тил. Илим. Технологиялар. Инновациялар» деген аталышта өткөрүлдү.

Илимий-практикалык конференция 2019-жыл – аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына жана кыргыз тилинин Мамлекеттик тил статусун алгандыгынын отуз жылдыгына арналды.

Конференцияны  Ош Технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору, профессор Кубанычбек Топчубаевич Мансуров ачты.

Андан кийин, конференциянын кадырлуу конокторуна  сөз берилди:

  1. Ишеналиева Аида Огобековна – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил     боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы;
  2. Алмагул Өмүрзаковна Тилекманова – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү   бөлүмүнүн    башчысы.
  3. Зуур Жапарович Амирбеков-Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси.
  4. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, б.и.д., профессор, Ош технологиялык университетинин ректорунун илим боюнча кеңешчиси Биймырза Айтиевич Токторалиев.
  5. Жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнөнОш гуманитардык педагогикалык институтунун ректору, профессор Бекмырза Бекболотович Зулуев  конференциянын катышуучуларына ийгилик каалап, илим майрамы менен куттуктады.

“Мамлекеттик тил. Илим. Технологиялар. Инновациялар” илимий-практикалык конференция бүгүнкү муунду кыргыз тилибизди сактап, элибиздин өткөн тарыхына кайрылып, маданиятыбызды даңазалоого, нукура кыргыз элине таандык болгон улуттук адатыбызды, салт-санаабызды, адептүүлүгүбүздү сактоого жана жогорку окуу жайларда жаңы  илимий ачылыштарды, технологияларды, инновацияларды жайылтууга  чакырат.

Конференциянын пленардык отурумунда 5 илимий баяндама жасалып, кызуу талкууну жаратты.

  1. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору,  филол. и. д. Мирзахидова Миясар Инамжановна “Мамлекеттик тилди окутууда улуттук идеологиянын чагылдырылышы
  2. Кочконбаева Буажар Осмоналиевна  ОшТУнун аспиранты, илимий жетекчиси физика-математика илимдеринин доктору, профессор Сатыбаев Абдуганы Джунусович “Табигый тилдеги  тексттерди  компьютердик программалардын жардамында      анализдөө
  3. Баткен мамлекеттик университетинин окутуучусу,  филол.и.к. Мурзалиева Аймактым Шоруковна  “Тилиң тунук, дилиң таза болсо багытың түз болот
  4. Максидинов Маратбек Максидинович ОшТУнун ЗЧС-15 тайпасынын студенти, илимий жетекчиси биология илимдеринин кандидаты, доцент Тешебаева З.А.  “Кыргыз Республикасындагы радиоактивдүү таштандыларды сактоочу жайларга байкоо жүргүзүү жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу
  5. Академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү колледжинин  Экономика жана Бухгалтердик эсеп-16 тайпасынын студенти Матаева Айгерим Бекташевна, илимий жетекчиси айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор Эльтар Аблемитович Смаилов “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын колдоо менен аймактарды өнүктүрүү

 

Бул конференциябыз салтка айланып жыл сайын апрель айында Ош технологиялык университетинде  өткөрүлүп келүүдө. Акыркы жылдары конференцияга аймактардагы жогорку окуу жайларыбыздын жаш илимпоздору жана студенттери активдүү катышып келүүдө.

Илимий-практикалык конференцияга түштүк аймагында орун алган Жогорку окуу жайлардан  да  жаш илимпоздор жана студенттер катышышты.

«Мамлекеттик тил. Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу илимий-практикалык конференцияга жалпысынан 898 илимий баяндамалар келип түшкөн, анын ичинен 696 баяндама Ош технологиялык университетинин жаш илимпоздорунун жана студенттеринин тарабынан берилген.  ОшТУдан сырткары башка жогорку окуу жайлардан жалпысынан 200 жакын илимий баяндамалар келип түштү: Ош мамлекеттик университетинен-28 макала;   Ош Кыргыз Өзбек университетин-58 ;  Ош гуманитардык педагогикалык институтунан-6; Жалал-Абад мамлекеттик университетинен-18; Баткен мамлекеттик университетинен-19; Россия Эл достугу университетинен -2 макала; ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү колледжинен-67 макала; К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети-2 макала; Кыргыз Мамлекеттик И.Арабаев атындагы университетинен 2 макала.

Конференция төмөндөгү илимий багыттар боюнча өткөрүлдү.

  1. Мамлекеттик тилди санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери;
  2. Кибернетика, маалымат технологиялар, өлкөнү санариптештирүүнүн көйгөйлүү маселелери;
  3. Транспорт жана тейлөөнүн технологиясы;
  4. Курулуш,  дизайн жана архитектура;
  5. Технология жана жаратылышты пайдалануу;
  6. Электроэнергетика жана жаңы энерготехнологиялар;
  7. Экономика жана башкаруу;
  8. Табигый-техникалык илимдер;
  9. Социалдык-гуманитардык илимдер.

Конференциянын алкагында Мамлекеттик тилди санариптештирүүгө багытталган “Эң мыкты долбоор” боюнча сынак өткөрүлдү. Сынактын жобосу боюнча сынак үч категорияда каралды: мектеп окуучулары өзүнчө, окутуучулар өзүнчө, студенттер өзүнчө.

Сынакты уюштуруу комитетинин курамына Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адистери жана Ош технологиялык университетинин профессордук окутуучулук курамы катышты.

2019-жылдын 19-апрелине  бул сынак ОшТУнун базасында өткөрүлүп, мамлекеттик тилди санариптештирүүгө багытталган “Эн мыкты долбоор” сынагынын катышуучулары өздөрүнүн долбоорлорун коргоп, калыстар тобу тарабынан бааланды.

Эң мыкты долбоор боюнча сынактын жыйынтыгын жарыялоого жана жеңүүчүлөрдү сыйлоого  калыстар тобунүн мүчөсү, Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Зуур Жапарович Амирбеков сөз сүйлөп, жеңүүчүлөрдү Ош шаарынын мэриясынын I,II,III даражадагы диплому  жана акчалай сыйлык менен сыйлады.

«Мамлекеттик тил. Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин  II аймактык илимий-практикалык конференциянын алкагында Мамлекеттик тилди санариптештирүүгө багытталган “Эң мыкты долбоор” боюнча сынактын жыйынтыгы:

 Жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын  арасында:

Кочконбаева Буажар Осмоналиевна – академик М.М.Адышев атындагы Ош Технологиялык университетинин «Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо” кафедрасынын ага окутуучусу. Долбоордун темасы: “Кыргыз тили үчүн морфологиялык анализатор” (I-орун, 5000сом);

Мамадразаков Жумабек Барктабасович – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Информатика жана окутуунун маалымат технологиясы кафедрасынын доценти (II- орун, 3000сом);

Жалилова Нуржана Кадыровна -Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кыргыз  тили кафедрасынын окутуучусу. Темасы: “Мамлекеттик тилди үйрөтүүдө санариптик технологияны пайдалануу “ЭЛ СӨЗҮ” колдонмо программасы” (II- орун, 3000сом);

Сатыбалдиев Абдимиталип Батырбекович- Ош технологиялык университетинин  “Физика” кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент. “Физика таалимин мамлекеттик тилде окутууда заманбап технологиянын ролу”. (III- орун, 2000 сом);

Байиева Бегайым Абдугапаровна-Кыргыз Өзбек университетинин окутуучусу, магистр “Сабакта колдонулуучу тыныгуу оюндарын мамлекеттик тилде колдонуу” (III- орун, 2000 сом).

Жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында:

Мамытова Айзирек, Бактыбек кызы Гулнур, Эргешбай кызы Диана – Кыргыз-Өзбек университетинин ФБК-16 тайпасынын студенттери, жетекчилери: п.и.к., доц. Тилекова Назира Дүйшөбаевна, ф.и.к., доц. Исмаилова Б.Т. Тема: «Социалдык тармактарда кыргыз тилин колдонуудагы кемчиликтерди жоюунун жолдору» (I-орун, 3000 сом);

Асланбек уулу Таалайбек – Академик М.М.Адышев атындагыОш Технологиялык университетинин  ИВТ-1-16 тайпасынын студенти, жетекчиси ОшТУнун профессору, т.и.к. Калдыбаев Нурланбек Арзымаматович «Смарт кафелерде тейлөө системасына кыргызча мобилдүү тиркемени түзүү». (II-орун, 2000 сом);

Айтмамат уулу Дастан – Ош мамлекеттик университетинин МИТ факультетинин ИСТ(б)-2-18Р тайпасынын студенти, илимий жетекчиси: Максутова Жазгул Жумабаевна «Мамлекеттик тилди санариптештирүүдөгү актуалдуу маселелер». (III-орун, 1000 сом).

Жалпы орто билим берүү мектептердин окуучуларынын арасында:

 Тойчиев Аман – “Жетиген” мектеп-лицейи 9-класс, жетекчиси Касымбаев Нурсултан. “Мамлекеттик тил-заманбап технологияда” (I- орун, 2000 сом);

Абылова Айзирек – №3 М.В.Ломоносов атындагы мектебинин 10 а классынын окуучусу, жетекчиси Карабаева Б.Ж. М.В.Ломоносов атындагы мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими “Мамлекеттик тилди жаштар арасында жайылтуу” (II орун, 1000 сом);

Калыбек кызы Асель – Ош шаарынын №14 К.Алтыбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу “ (II-орун, 1000 сом);

Максүтали уулу Кайрат – Ош шаарындагы №27 Партсъезд орто мектебинин окуучусу “Мамлекеттик тилди санариптештирүү”  ( III- орун, 500 сом);

Абдылдаев Нурмухаммед – Ош шаарындагы №22  С.Шарипов атындагы мектеп-гимназиясы “Мамлекеттик тилди жаштар арасында жайылтуу” жетексичи Арынова Нургуль  (III-орун, 500 сом);

«Мамлекеттик тил. Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин  II аймактык илимий-практикалык конференциянын алкагында жарыяланган “Мамлекеттик тилди санариптештирүүгө багытталган эң мыкты долбоор”  сынагына активдүү катышкандыгы үчүн төмөндөгүлөргө 500 сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү:

1)    Адылбекова Айназик –  Ош шаарынын №27 Партсъезд  орто мектебинин окуучусу, жетекчиси Аракеева Нурсаида;

2)    Турганбаева Нуржан Сатыбалдыевна –Ош технологиялык университетинин  “Кыргыз жана орус тилдер” кафедрасынын доценти;

3)    Кочконбаева Буажар Осмоналиевна- Ош Технологиялык университетинин Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо кафедрасынын ага окутуучусу. Тема “Орус тили жана ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөрдүн маанисин кыргыз тилинде чечмелөө сөздүгүн программага кийирүү”

Саат 9-30-12-00 чейин пленардык отурум өз ишин алып барды, саат 13-00дон баштап секциялык отурумдар график боюнча секцияларда  өткөрүлдү.

Конференцияны жыйынтыктоо, резолюция кабыл алуу, конференциянын жабылышы 25 апрелде саат 16-00 ОшТУнун чон жыйындар залында өткөрүлдү.

Ар бир секцияларда баяндамалар талкууланып, секциянын төрагалары  жана калыстар тобу тарабынан бааланды.

Эң мыкты баяндамалардын авторлору  ОшТУнун  I, II, III даражадагы дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланды.

Даярдаган: ОшТУнун илим боюнча башчысы, б.и.к., доцент Тешебаева З.А. (тел.0773271014)