ОшТУда 8-20.04.19ж. бизнес башкаруу боюнча адиси Корин Куартерман «Бизнес-план» түзүү боюнча семинар өткөрдү.

Ош технологиялык университетинде 8-20.04.19ж. “Бизнес-план” түзүү боюнча бизнес-семинары болуп өттү. Бизнес-семинарды бизнес башкаруу боюнча адис, Корин Куартермен USAID проекти аркылуу, ACDI/VOCA, «Фермер фермеру» програмасынын негизинде откорду.  Семинардын максаты: эки жума ичинде студенттердин  каржы жана маркетингдин негизги стратегияларын уйрөнуу мумкунчулугун беруу болуп саналат.

Анын бизнес-семинары  төмөнкү темалардын тегерегинде  болду:

  • Бизнести кантип баштоо керек?
  • Бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кандай пайдалануу керек?
  • Кантип бизнес идеяны иштеп чыгуу жана рынокко алып чыгуу керек?
  • Утука жетуу учун кандай бизнес куруу керек?
  • Кантип бизнести жургузуу керек?