ОшТУ: “Санариптештирүү – бүгүнкү күндүн келечеги” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Технологиялык колледждин “Информатика, программалоо жана байланыш” кафедрасы тарабынан 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата “Санариптештирүү – бүгүнкү күндүн келечеги” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столду өткөрүүнүн негизги максаты: студенттерге, б.а. жаштарга азыркы күндөгү заманбап технологиялардын коомдогу орду жана аларды колдонуу менен биз кандай мүмкүнчүлүктөргө жетишээрибиз туурасында толук маалымат берүү болду.

Ал боюнча кафедра башчысы Арзыбаева Менди билдиргендей «Өлкө башчыбыз да 2019- жылды Санариптештирүүгө багыттаган. Санариптештирүү аракетинин үч приоритеттүү багыты бекитилип, анын бири – компетенттүү адистер менен камсыз кылуу, ата-мекендик компаниялардын ишинин майнабын арттыруу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү белгиленген. Келечектеги жаш адистерди өз кесибин сүйүүгө, келечектеги адистиги боюнча түшүнүктү кенири алуусуна, санариптештирүү боюнча аткарылып жаткан иш чаралар боюнча кабардар кылуу максатында ишке ашырылган.

Иш – чарага студенттерге маалыматтарды жогорку денгээлде жеткирүү үчүн ар кандай ишканалардан жана компаниялардан коноктор чакырылган.

  1. «Ош-Технопарк» IT борборунун директору – Жусупов Арстан Кубанычбекович.
  1. Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу мамлекеттик байланыш агенттигинин түштүк региону боюнча мобилдик радиомониторинг бөлүмүнүн башчысы – Алимбеков Марат Тыныбекович.
  1. Кыргыз-Өзбек Университетинин “Маалыматтык технологиялар, энергетика жана транспорт” бирикмесинин башчысы – Мамышов Адылбек Акжолович.
  1. Ош жогорку чыналуудагы электр тармактар ишканасынын АСУнун жетектөөчү адиси – Умарбеков Борон Байитович.
  1. Ош Технологиялык Университетинин “Кибернетика жана маалымат технологиялар” факультетинин деканы – Сайдаматов Шайырбек Мырзаевич.
  1. Ош Технологиялык Университетинин Технологиялык колледжинин директору – Саадалов Төлөнбай Ысманович.
  1. Ош Технологиялык Университетинин “Байланыш тармактары жана телекоммутация системалары” кафедрасынын башчысы – Мойдунов Тайрь Төлөнович ж.б.

Өткрүлгөн иш чара студенттер жана окутуучулар үчүн керектүү маалыматтарды алууга чоң өбөлгө болду десек жаңылбайбыз. Ар дайым ушул сыяктуу иш чараларды көбүрөөк өткөрүп туруу азыркы күндүн жаш адистерине өз адистигинин талаптагыдай ишмери болуусуна жардам берет