ОшТУ да жалпы окуу жайдын ишембилиги болуп өттү

Ош технологиялык университетинин жалпы жамааты жана билим алып жатышкан студенттер бугун ишембиликке чыгышты. Аталган иш-чарага университеттин ректору, профессор Абидов Абдыкадыр Омарович жана жетекчилик структурадагы бардык курам катышышты. Ошондой эле, бардык факультеттердин профессордук-окутуучулук курамы студенттер менен биргеликте окуу жайга тиешелүү аймакты тазалоого катышышты. Университеттин айланасы ашыкча нерселерден арылып, чөптөр кыркылып, окуу жайды курчаган арчалар тегизделди.