ОшТУда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары жана «Таза аба» долбоорунун авторлорунун катышуусунда «Таза аба» долбоорунун коомдук угуусу болуп өттү.

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары, «Таза аба» долбоорунун авторлору Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович жана Акааев Жанарбек Кубанычовичтин катышуусунда «Таза аба» долбоорунун коомдук угуусу болуп өттү. Аталган долбоор депутаттар тарабынан демилгеленип, Кыргызстандагы абанын булганышынан улам пайда болуп жаткан ар кандай көйгөйлүү маселелердин алдын-алуу жана аларды чечүүгө багытталган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында абанын булгануусуна жол бербөө үчүн газ менен жүрүүчү коомдук транспортторду көбөйтүү, гибрид унааларын өлкөгө киргизүүдө жеӊилдиктерди кароо, абанын булгануусун текшерүүнүн методологиясын жана тиешелүү жабдууларды жаӊыртуу, үйлөрдүн жылуулоону жакшыртуу, таштандыларды кайра иштетүүнү стимулдаштыруу жана башка сунуштарды ишке ашыруунун жолдору каралууда.