Ош технологиялык университетинин “Технология жана жаратылышты пайдалануу” факультетинин воллейбол боюнча тайпалар арасында мелдеш болуп өттү.

ОшТУнун “Технология жана жаратылышты пайдалануу” факультетинин тайпалар арасында воллейбол боюнча  мелдеш болуп өттү. Оюнду ачып берүү үчүн факультеттин деканы, профессор Жорокулов Дүйшеналы Абдимаматович агайга сөз берилип, студенттерди спортко  үндөп, өзүнүн кеңешин айтып өттү.
Мелдештин максаты – тайпалар арасындагы достукту, ынтымак-биримдикти бекемдөө жана студенттерди  ден-соолуктарын  чыңдоо максатында болуп өттү.
Оюндун жыйынтыгында:
1 орунду “ЗЧС-17” тайпасы,
2 орунду “ЗЧС-ГСПМ-16” тайпалары,
3 орунду “ГСПМ-18” тайпалары ээлешти.
“МЫКТЫ ОЮНЧУ” болуп “ЗЧС-16” тайпасынын студенти Жусупов Жоомартбек табылды.
Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер, ардак баракчалары тапшырылды.
Уюштуруучулар: ТжЖП  факультетинин студсенаты: Акылбек уулу Мансур.
Спорт секторлору: Сыдыков Сыймык, Нурали уулу Бекмамат, Жорокулова Алина.