“Ош-Түрк элдеринин маданий борбору”

 

Ош-Түрк элдеринин маданий борбору” эл аралык салтанаты 2019-жылдын 19-апрелинде башталып, үч күнгө созулду. Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин жалпы жамааты кыргыз элинин маданиятын чагылдырган улуттук көргөзмө менен катышышты. 2019-жыл Ош шаары-Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары Турксой уюму тарабынан  жарыяланган. Кыргызстандын Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жаткан биринчи учур.