Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында 3-корей кинофестивалы башталды.

23-апрель Ош шаарындагы “Семетей” кинотеатрында 3-корей кинофестивалы башталды. Бул кинофестиваль Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоого алынып, Ош Сежоң Хакдаң тарабынан уюштурулду.

Кинофестивалды ачып берүү үчүн Корея Республикасынын элчилигинин консулу Каң Соң Гук, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Маматалиев К.К. жана     Ош Технологиялык Университетинин ректору проф. Абидов А.О. келишти.

Кинофестивалдын биринчи күнүндө “Папароти” аттуу фильм көрсөтүлүп, Ош шаарындагы жашоочулар, мектеп окуучулары, студенттер болуп жалпы 300дөй көрүүчү катышышты. Бул кинофестиваль        24-25-апрелге чейин 3 күн бою өткөрүлмөкчү. Эскертип өтсөк, 24-апрель “Уурулар”, 25-апрель “Мисс аялым” аттуу корей фильмдери көрсөтүлөт.