Бишкек-Корей борборунун директору Ким Дэ Гван жана администратор Хван Слава ОшТУнун ректору профессор А.О. Абидов менен жолугушту

16-апрель күнү Ош технологиялык университетинде  Бишкек-Корей борборунун директору Ким Дэ Гван жана администратору Хван Слава ОшТУга келип, окуу жайдын ректору проф. А.О. Абидов менен жолугушту.
Жолугушууда аталган борбордун директору жаңыдан алмашканына байланыштуу директор Ким Дэ Гван алгачкы жолу ОшТУ жана Ош Сежоң Хакдаң менен таанышып чыгып, 21-апрель күнү TOPIC (Корей тил жөндөмдүүлүк экзамени) өткөрүлүүсүнө байланыштуу, алдын ала экзамен өткөрүлүүчү жайдын абалы менен таанышып чыкты