ОшТУда “Техколледж ПЕРИСИ-2019” сынагы болуп өттү.

29-мар күнү Ош технологиялык университетинин технологиялык колледжинин “Сулуулар сынагы” болуп өттү. Бул иш-чарага ОшТУнун студенттери, катышуучулардын ата-энелери, окутуучулар күбө болушту. Технологиялык колледжден 6 катышуучу калыстар тобунун сынынан өтүштү.

Жыйынтыгында, 1-орунду 2-курсунун студенти Жумабай кызы Айзирек, “Ажарлуу пери 2019” номинациясы менен Сырымбек кызы Мираида, ал эми “Таланттуу пери 2019” номинациясы менен Кубанычбек кызы Мээрим ээлешип, жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга окуу жай тарабынан эс алып келүү үчүн жолдомолор, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.