ОшТУда “Мырза жигит” сынагы болуп өттү!

13-март күнү Ош технологиялык университетинде “ОшТУ мырзасы 2019” жигиттер сынагы болду. Бул сынакка 9 жигит күч сынашты. Аталган иш чараны жаштар комитети уюштуруп, негизги максаты жаштарды коомдук иштерге аралаштыруу, студенттердин достук мамилесин чыңдоо жана маданий эс алуусун уюштуруу болуп эсептелет.

Жыйынтыгында биринчи орунду Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү колледжинин мырзасы Мамытов Мамиржан ээлеп, “ОшТУ Мырзасы” аталса, экинчи орунду Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин мырзасы Жолчубаев Илимбек, ал эми үчүнчү орунду Табийгый техникалык факультетинин мырзасы Чыдинов Адилет ээледи.

Жеңүүчүлөр окуу жайдын жетекчилиги тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.