ОшТУда «Байланыш тармактарын өнүктүрүү» темасында конок-лекция болуп өттү.

ОшТУда Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинин “Информатика, программалоо жана байланыш” кафедрасы тарабынан студенттерге иш берүүчүлөр ортосунда тыгыз байланыш болуусу үчүн атайын конок-лекция болуп өттү.

Студенттерге азыркы заманбап технологиялар менен жакындан тааныштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинине караштуу мамлекеттик байланыш агенттигинин түштүк региону боюнча радиомониторинг бөлүмүнүн башчысы Алимбеков Марат Тыныбекович келип “Байланыш тармактарын өнүктүрүү“ темасында лекция өтүп, студенттердин өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп берди.