ОшТУда “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” арналган конференция болуп өттү

Ош технологиялык университетинин “Курулуш өндүрүшү” кафедрасынын жалпы жамааты тарабынан жаш илимпоздордун, магистранттар жана аспиранттардын II аймактык илимий-техникалык конференциясы өткөрүлдү. Аталган иш-чара 2019-жыл – Кыргыз Республикасынын “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” арналып, техникалык багыттагы илимий докладдар окулду. Конференцияга техника илимдер багытындагы илимий иш жүргүзүүнү каалаган бардык каалоочулар, илимий ишти баштагандар жана илимдин кандидаттары, доцент, профессорлор катышышты.