ОшТУ: “Билерман интелектуалдык” оюунунун 2-айланпасы болуп өттү

ОшТУ: “Билерман интелектуалдык” оюунунун  2-айланпасы болуп өттү

Ош технологиялык университетинде  Студенттик акыйкатчы аппараты, Технологиялык колледждин жаштар комитети,  “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана “Интеллект” өнүктүрүү борбору  менен биргеликте өткөн ОшТУнун Технологиялык колледжинин 1-2- курстарынын ортосунда 5-март “Ак-Калпак” күнүнө карата “Билерман интелектуалдык” оюуну болуп өттү.

Интеллектуалдык оюндун негизги максаты: студенттердин конституциялык, академиялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын интеллектуалдык оюн аркылуу айкалыштырып студенттерге жеткирүү, студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү болуп саналат.

Жыйынтыгында 1-орунду «Курулуш» кафедрасы,
2-орунду «Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер» кафедрасы, 3-орунду «Кийимдерди тигүүнүн технологиясы жана дизайны» кафедрасы ээлеп, “Билерман студент” наамы менен «Курулуш» кафедрасынын студенти Момунова Адина сыйланды.