ОшТУ: Университетибиздеги факультеттер аралык биринчи курстардын ортосунда XVIII- спартакиада старт алды

 Бул спорттук иш-чарага окуу жайдын бардык факультеттеринин командалары катышат.
Иш-чаранын негизги максаты жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык универсиадага, окуу жайдын курама командасын тандоо болуп эсептелет.


Аталган иш-чара спорттун улуттук жана классикалык тогуз түрүнөн өткөрүлүп жалпы спорттун 11-түрүнөн өтөт, ар бир түрүнөн мыкты спортчу студенттер күч сынашышат. Жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон командаларга университеттин жетекчилиги тарабынан жана “Намыс” спорт клубу тарабынан баалуу белектер, спорттук кийимдер, дипломдор ыйгарылат