ОшТУ: “Глобус шоу” интеллектуалдык таймашы өттү

Ош технологиялык университетинин мектеп-лицейинде 
8-9-класстардын ортосунда “Глобус шоу” интеллектуалдык таймашы болуп өттү.
Таймаш эки этапта жүргүзүлдү:
1. Окуучулардын билимин, акыл-эсин, логикасын тастыктаган интеллектуалдык ойундар коштогон “АКЫЛ” таймашы
2.Окуучулардын талантын, жондомдуулугун, актёрлук чеберчилигин тастыктаган шоу коштогон “ӨНӨР таймашы” 
Жыйынтыгында 8-класстын окуучуларынан тузулгон “Глобус” командасы женишке жетишип, Диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.
“Өзгөчө өнөр ээси” Жороев Бекзат , “Билерман окуучу” Асилбек уулу Мырзамамбет ардак баракчасы менен сыйланышты.