ОшТУ: Биздин студенттер Корея мамлекетинде билимдерин улантышат.

Корея мамлекети менен Ош технологиялык университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык Ош технологиялык университетинде “Седжон Хагдан” корей борбору иш алып барат. Бул эки тараптуу кызматташуунун негизинде жыл сайын биздин окуу жайдан бир нече студенттер Корея мамлекетине барып, өздөрүнүн адистиктери боюнча аталган мамлекеттин жогорку окуу жайларында билим алып келишет. Андан сырткары аталган мамлекеттен келген студенттер биздин окуу жайга келип дагы өздөрүнүн билимин уланта алышат. Учурда дагы биздин бир нече студент Корея мамлекетинде өздөрүнүн билимин улантуу үчүн жөнөп жатышат