ОшТУ: “Билерман студенттер” интелектуалдык оюну болуп өттү.

М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Студенттик акыйкатчы аппараты жана Жаштар комитети, “Интеллект” өнүктүрүү борбору менен биргеликте уюштурулган 1-курстардын ортосундагы “Билерман студенттер” интелектуалдык оюну болуп өттү.

Интелектуалдык оюн 4 турдан өтүп,
Ош технологиялык университети жөнүндө   жалпы  суроолор, 
Ош технологиялык университетинин тарыхы боюнча суроолор, 
ой жүгүртүүчү суроолору,
капитандар таймаштары орун алды.


Интелектуалдык оюндун максаты: 
ОшТУнун студенттеринин конституциялык, академиялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын интелектуалдык оюн аркылуу айкалыштырып студенттерге жеткирүү. 
ОшТУнун тарыхын, басып өткөн жолун  студенттер менен биргеликте талкулоо. Студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү болуп саналат.

Жыйынтыгында 1-орунду Технология жана жаратылышты пайдалануу факультети.

  • 2-орунду Табигый – техникалык факультети.
  • 3-орунду Энергетика факультети.

Мыкты тапкычтыгы үчүн “Билерман студент” наамы менен Эркин кызы Элмара.