ОшТУ: Англис тили жумалыгы болуп өттү

Билим берүү министрлиги тарабынан берилген токтому боюнча 12-февральдан 17-февральга чейин Англис тили жумалыгы жарыяланган.Ушул максатта Ош технологиялык университетинде Америка маалымат-ресурстук борбору, Ош технологиялык университетине караштуу мектеп-лицейинин 8-9-10-класстарынын окуучулары үчүн таймаш өткөрүлдү.
Бул таймаштын негизги максаты болуп англис тилин эң мыкты денгээлде билүү болуп саналат.

Окуучулар Улуу Британия АКШ өлкөлөрүнүн үрп-адат салты менен бирге кыргыз элибиздин салтын жана майрамдарын даназалоо максатында таймашышты.

Бул таймашта ОшТУнун ректору Абидов Абдыкадыр Омарович, эл аралык мамилер бөлүмүнүн проректору Аттокуров Урмат Тологонович,  мектеп лицейинин директору Абрахманов Заир Пайызович жана мугалимдери  конок болуп окуучуларга баа беришти.
Таймаштын сонунда эң мыкты катышкан окуучуларга жана эң мыкты деп аталган тайпага сыйлуу баракчалар, баалуу белектер  берилди – деп билдирди бул таймаштын уюштуруучусу Америка маалымат – ресурстук борборунун башчысы  Иманалиева Миргуль