ОшТУ: “Англис тилин профессионалдуу деңгээлде окутуу” тренинги болуп өттү.

2019-жылдын 14-январдан 18-январына чейин Ош технологиялык университетинин Чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган “Англис тилин  профессионалдуу деңгээлде окутуу”  англис тили адиси ХАЙДИ ДИМЕЛЛОУ жана АКТИФ-ИЛИМ уюмунун башчысы Мукадас Ташиеванын колдоосу менен өткөрүлдү.
Бул тренингге ОшТУнун “Америка маалымат ресурстук борбору”, “Чет тилдер “, “Компьютердик лингвистика”  кафедрасы жана ОшТУнун  Технологиялык колледжинин англис тил мугалимдер катышышты.
Тренингдин негизги максаты тажрыйба алмашуу, сапаттуу билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу болуп эсептелет.

Жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды.