ОшТУ: Аялдарга карата зордук–зомбулукка каршыбыз акциясы болуп өттү

3–декабрь күнү Ош технологиялык университетинде 25–ноябрдан
10–декабрь аралыгында өтүүчү «Бүткүл дүйнөлүк 16 күндүк» Аялдарга карата зордук–зомбулукка каршыбыз акциясынын алкагында Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында 40 жаштан жогорку мугалим–эжейлердин спорттун волейбол түрү боюнча мелдеши өттү. Аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева жана Аида Касымалиева демилгелешип, бүгүнкү күндөгү кыргыз коомундагы аялдардын зордук-зомбулуксуз жашоосуна шарт түзүү максатын билдиришти. Спорттук мелдешке 6 команда катышып, алардын ичинен Ош мамлекеттик университетинин эжекелер командасы 1–орунга жетишип, КУБОК, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Бул саамалык мындан ары да ар 3 айда кезеги менен окуу жайларда өткөрүлүп турмакчы. Кийинки эстафетаны Ош гуманитардык–педагогикалык институту алды.