Необис уюму ордолуу Ош шаарында.

 Необис уюму ордолуу Ош шаарында 3-9-декабрга чейин биринчи жолу It жана STEM тармактарында специалист болом деген жаштар, анын ичинде кыздар жана аялдарды колдоо максатында бир катар иш-чараларды өткөзөт.

 Долбоор Европа Биримдигинин финансалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын билим беруу тармагын колдоо долбоору алкагында ишке ашырылып жатат.

Бул программада мектеп жана ЖОЖдордо презентациялар, мастер-класстар, жолугушуулар жана семинарлар, эң башкысы долбоордун жыйынтыктап 8-9-декабрь күндөрү масштабдуу “Жаңы идеялар конкурсу” өткөрөлөт.

Ош технологиялык университетинде эл аралык бөлүм жана Необис уюму менен биргеликте 4-5-декабрда маалымат технологиялар багытында окуган Кибернетика жана маалымат технологиялар факултетинин жана Табийгый–техникалык факултетинин, Технологиялык колледждин студенттери жана ОшТУнун лицейинин окуучулары   катышкан иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чаралардын программасы Необис уюмунун социалдык тармактардагы баракчаларына жүктөлөт.

Фейсбук: www.facebook.com/neobis.clubs
Инстаграм: www.instagram.com/neobis.kg/