ОшТУда “Encounter” оюну өттү

28-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинде  факультеттер аралык  “Encounter” интеллектуалдык мелдеши болуп өттү.
Иш чара  ОшТУнун Жаштар комитети тарабынан студенттердин жан-дүйнөсүн кеңейтүү, достук мамилени чыңдоо жана эң негизгиси шаарыбыздагы көпчүлүк маани бербеген бирок маанилүү жайларды билүү максатында уюштурулду.

Өзгөчө тапкычтыкты, ыкчамдыкты жана ойлоо чеберчиликти талап кылган бул оюнга студенттер жобого ылайык командалык курам менен катышып, оюндун шартына жараша берилген тапшырмаларды шаарыбыздын тиешелүү жайларында катылган белгилерди табуу менен аткарып жатышты. Оюндун жыйынтыгы калыстар тобунун байкоосу менен берилген суроолордун жообун так, туура жана тез таап келгендиги менен чыгарылып, 3-орунду Автоунаа факультети , 2-орунду Технологиялык колледж  ал эми 1-орунду Экономика жана Башкаруу факультети багындырып уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.