ОшТУда “Берекелүү күз” майрамы белгиленди

29-ноябрь Ош технологиялык университетинде берекелүү күз мезгилинин жөрөлгөсүн улай “Берекелүү күз” аталышында түшүм майрамы белгиленди.
Аталган жарманке түшүм майрамынын алкагында окуу жайдын Компьютердик лингвистика кафедрасы  тарабынан уюштурулуп, ага университеттин ректору профессор А.О.Абидов баштаган жетекчилик жамааттын катышуусунда өттү. Мында башка факультетердин жана уюштуруучу факультеттин тайпалары ар кандай өсүмдүктөрдүн, улуттук даамдардын түрлөрүн стол үстүнө жайышып, мезгилдин табиятын чагылдырган кийимдерди чыгармачылык менен алып чыгышты. Жарманке сынак тартибинде болуп, түзүлгөн комиссиянын көз карашы жана тайпалардын даярдыгына жараша жеңүүчүлөр аныкталып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.
Жарманкенин экинчи бөлүгү, чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.
Жыл мезгилдеринин арасынан токчулуктун жышаанын көрсөтүп турган күз мезгили, озүнүн берекелүүлүгү, жаратылышка башкача өң берип, табиятты кулпуртуп турганы менен өзгөчө. Мына ушундай сырларды камтыган учурдун өзгөчөлүгүн белгилеп, окуу жайда жыл сайын аталган факультет тарабынан түрдүү саамалыктар өткөрүлүп келет.