ОшТУ: Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына тегерек стол өткөрүлдү

Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арнап, Ош технологиялык университетинин “Сызма геометрия” кафедрасынын жалпы жамааты тарабынан Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын даназалоодо графиканын ролу” деген аталышта тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага ОшТУнун студенттери жана унивеситеттин башка түзүмдөрүнөн чакырылган коноктор катышышты. Алгач “Сызма геометрия” кафедрасынын башчысы, доцент Токтосунов Алмаз сөз суйлоп, Айтматовдун адамдык жана чыгармачылык тагдыры боюнча маалымат берди. Ошондой эле Айтматовдун чыгармаларындагы кездешкен графика боюнча докладдар окулду.