ОшТУ: Студенттер ортосунда спорттун «волейбол» түрү боюнча мелдеш өттү.

  Ош технологиялык университетинин Технология жана Жаратылышты пайдалануу факультетинин студенттеринин ортосунда  спорттун «волейбол» түрү боюнча “А” жана “Б” тайпаларда оюн көрсөтүштү.

 Мелдешке ОшТУнун Технология жана Жаратылышты пайдалануу факультетинин тарбия иштери боюнча замдеканы Жунусов Ажыбай оюнду ачып берип, студенттерге ийгиликтерди каалады.
Мелдештин жыйынтыгында факультеттин балдар курама командасынан  1-орун ЗЧС-ГСПМ-15 тайпасы, 2-орун ЗЧС-17 тайпасы ,жана  3-орун ЛДиЛС-16 тайпасы жеңишке жетип, “Мыкты чабуулчу” деп ГСПМ-18 тайпасынын  студенти Текебаев Бекжан  сыйланды.

 Факультеттин кыздар курама командасынан 1- орун ЗЧС-ЛДиЛС-18 тайпасы, 2-орун ТШИ-ИКТ-18 тайпасы жана 3-орун ТПиСХП-17 тайпасы жеңишке жетишип, кыздар курама командасынанЗЧС-18 тайпасынан “Мыкты чабуулчу” деп Эркин кызы Элмира  табылды.