ОшТУ: 12-16-ноябрь күндөрү базалык мектептер арасында олимпиада өткөрүлүп жатат

Олимпиада физика, математика, химия жана кыргыз тил предметтеринен өткөрүлүп, жалаң 11-класстардын окуучулары катышууда. Алай районунан 151 окуучу, Араван районунан 36 окуучу катышты. Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу райондорунан дагы окуучулар белгиленген күндө келип олимпиадага катышышат. Бул иш-чаранын негизги максаты университеттин материалдык-техникалык базасы менен аймактардын окуучуларын тааныштырып, бүтүрүүчүкласстарга адистик тандоодо туура багыт берүү болуп саналат.