Ош технологиялык университети Индияда болуп өткөн жогорку билим берүү боюнча саммитине катышты

Кыргызстандан жогорку окуу жайлардын, академиялардын, ЖОЖдордун бирикмелеринин жана башка уюмдардын өкүлдөрү Индияда өткөн жогорку билим берүү боюнча саммитинде катышышты.Иш-чара 30-октябрдан 1-ноябрга чейин жогорку билим берүү боюнча «FICCI-2018 Келечектин университеттери” аталышында өттү.Бул иш-чарага М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Сырткы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Тологонович да катышып келди.

Иш-чаранын жүрүшүнө дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөлөрүнөн келген ЖОЖдордун өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын делегациясы билим берүү боюнча көргөзмөнүн 60тан ашык катышуучулары менен жолугушуп, жогорку окуу жайлардын программалары менен таанышуу менен бардык багыттар боюнча кызматташуу маселелерин, студенттеринин академиялык мобилдүүлүгүн талкуулашты.