2018-жылдын 22-23-ноябрь күндөрү Таджикстандын Душанбе шаарынын Таджикистан улуттук университетинде Шанхай Кызматташтык Уюумунун малекеттик-мүчөлөрүнүн XII-билим берүү жумалыгы өткөрүлдү

“ШКУ университеттеринин биргелешкен билим берүү программасын биргеликте ишке ашыруу жана эффекетүүлүгүн жогорулатуу” деген темада тегерек стол болуп отту. Бул иш-чарага М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Тологонович катышып келди.
Шанхай бешилтиги 1996-жылдын 26-апрелинде Шанхайда Кытай Эл Республикасынын, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын жана Таджикстандын башчылары тарабынан кол коюу менен Шанхай Кызматташтык Уюуму түзүлгөн.
Уюмдун негизги максаты – саясий, соода-экономикалык, маданий-билим берүү жана башка тармактагы эффективдүү аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле, аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана стабилдүүлүктү колдоо болуп эсептелет.
Шанхай Кызматташтык Уюумунун көп пландуу кызматташтыгынын багыттарынын бири, билим берүү тармагындагы кызматташтык болуп эсептелет. ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн билим берүү тармагы боюнча үзгүлтүксүз жыйындары, билим берүү боюнча эксперттик топтун туруктуу жыйындары жана байкоочу өлкөлөр катышкан ” Шанхай Кызматташтык Уюумунун мамлекет-мүчөлөрүнүн билим берүү боюнча жумалыктары” өткөрүлүп турат.
XII-билим берүү жумалыгында Шанхай Кызматташтык Уюумундагы мүчө-мамлекеттериндеги билим берүү системасындагы көйгөйлөр каралды. Бул багытта алдынкы окуу жайлардын тажрыйбалары менен бөлүшүү, талдоо, биргелешкен билим берүү системасына алып келүү жана сунуштарды билим берүү министрлигине сунуштоо каралды. Жыйынтыгында программанын алкагында “Экономика”, “Педагогика”, “Аймак таануу”, “ITтехнология”, “Экология”, “Нанотехнология”, “Энергетика” багыттары боюнча Казахстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Таджикистан мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү тарабынан академиялык мобилдүүлүктү активдештирүү, биргелешкен илимий-педагогикалык кызматташуу жана жогорку окуу жайларынын мүчөлөрүнүн тарабынан сунуштар жана иш-чаралардын аткарылышы боюнча чечимдер кабыл алынды.
М.М. Адышев атындагы Оштехнологиялык университети менен Таджикстандын – Таджикстан улуттук университети, Россия-Таджикстан (Славян) университети, Таджикстан технологиялык университети жана Ишкердүүлүк жана сервис институтунун ортосунда келишимдер түзүлдү.