ОшТУ: Университетибиздеги факультеттер аралык биринчи курстардын ортосунда өткөрүлгөн спартакиада аягына чыгып, жеңүүчү командалар аныкталды.

Биздин окуу жайда эки жумага созулган биринчи курстар аралык спартакиада аягына чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Аталган иш-чара спорттун улуттук жана классикалык түрүнөн өткөрүлүп жыйынтыгында биринчи орунду “Технологиялык колледждин” командасы, экинчи орунду “Технология жана жаратылышты пайдалануу” факультетинин командасы, ал эми үчүнчү орунду “Архитектура жана курулуш” факультетинин командасы камсыз кылышты. Бул оюндарда мыкты көрсөткүчтөргө жеткен командалар арасындагы мыкты оюнчулар университеттин курама командасына кабыл алынып, ар кандай деңгээлдеги спорттук мелдештерде окуу жайдын намысын коргошмокчу.