11-октябрь эл аралык кыздар күнүнө карата Ош технологиялык университетинде жолугушуу болуп өттү.

Аталган иш-чарага КР Жогорку Кенешинин депутаттары Айнуру Алтыбаева жана Аида Касымалиевалар катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы коомдогу аялзатынын орду, келечек коомду курууда жаш кыздардын ролу жөнүндө талкуу жүрүп, студенттерге коптогон маалыматтар берилди.