Ош технологиялык университетинде студенттер жана бардык тайпалардын кураторлору менен окуу жайдын жетекчилиги жолугушуу өткөрүштү.

Ош технологиялык университетинде студенттер жана бардык тайпалардын кураторлору менен окуу жайдын жетекчилиги жолугушуу өткөрүштү. Бул иш-чаранын негизги максаты учурдагы коомдо жаштар арасында жүз берип жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жаштарды жакшы билим алып, келечекте өз кесибинин мыкты адиси болууга чакыруу болуп саналат.
Жолугушууга республикага аты таанылган белгилуу акын Идирис Айтибаев катышып, студенттерге тарбиялык маанидеги ар кандай маалыматтарды айтты. Окуу жайдын жетекчилиги кураторлорго өздөрүнө тиешелүү тапшырмаларды берип, университет менен студенттердин ортосундагы байланышты чындоого милдеттендирди.