ОшТУда “Кесиптик окуу жайларда ички сапатты камсыздоо системасын түзүү” семинары болуп өттү.

2018-жылдын 25-июнь  күнү академик М.М Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде  «Кесиптик окуу жайларда ички сапатты камсыздоо системасын түзүү” семинары болуп өттү. Семинарды Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ААОПО)   директору Бактыбек Ысмайылов жана Светлана Медетбекова  өткөрүп, ага окуу жайдын  жүзгө жакын окутуучулары катышышты.  Бул семинар ОшТУнун жетекчилигинин демилгеси менен уюштурулуп, жыйынтыгында семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.