ОшТУнун студенттери Токтогул ГЭСинде практикада болушту.

Ош технологиялык университетинин Энергетика факультетинин студенттери ОшТУнун ректорунун 2018-жылдын 14-майындагы № 09-10/100 буйругунун негизинде Токтогул жана Курпсай ГЭСтерине өндүрүштүк-таанышуу практикасына барып келишти. Практикага Энергетика факультетинде билим алып жаткан 640200 “Электроэнергетика жана электротехника” багытынын “Электр менен жабдуу”,  «Электроэнергетикалык системалар жана тармактар» профилдери жана 610300 Агроинженерия багытынын  «Электр жабдыктары жана электртехнологиялары» профилинин 3-курсунун студенттери катышышты. Бул иш чара жыл сайын ТоктогулГЭСтер каскады менен Ош технологиялык университети менен түзүлгөн келишимге  жана кайрылуу катына ылайык иш жүзүнө ашырылып келет.