ОшТУда студенттерге адам укуктары тууралуу маалыматтар берилди

Бүгүн Ош Технологиялык Университетине Ош облустук сотунун экс-судьясы Рахат Каримова окутуучулар менен студенттер менен жолугушуу өткөздү.

Рахат Каримова Кыргыз Республикасынын Адилет (юстиция) Министрлигинин  акысыз юридикалык жардам берүү борборлору тууралуу маалымат берип, студенттердин   суроолоруна  жооп берди.

Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.