ОшТУда “Ичиндеги уктап жаткан вулканды ойгот” аталышындагы бизнес тренинг болуп өттү

2018-жылдын 22-май күнү Ош технологиялык университетинде Инсан таануу коомдук бирикмесинин демилгеси менен “Ичиндеги уктап жаткан вулканды ойгот” аталышындагы бизнес тренинг болуп өттү. Бул тренингди    Бизнес-тренер Асел Алымбаева өттү. Аталган тренингке  окуу жайдын окутуучулары, студенттер жана Ош шаарынын каалоочу жашоочулары  катышышты. Асел Алымбаева   студенттерге адам мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануунун жолдорун  жана  ийгиликке жетүү жолдору тууралуу кенен айтып берди.