2018-жылдын 14-17 май күндөрү ОшТУда “Биз – XXI-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу эл аралык жаштар сынагы старт алды.

Ош технологиялык университетинде КР Билим берүү жана илим министрлиги, балдардын республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясы, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулган 2018-жылдын 14 – 17-май күндөрү   “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу эл аралык жаштар сынагы старт алды. Бүгүн  Балдардын республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясынын директору Бапанова Жаркын Базановна   калыстар  жана уюштуруучулар менен    жыйын уюштурду.  Сынакка катышуу үчүн 180ден ашуун изилдөө жана ойлоп табуу долбоорлору, экспонаттар, моделдер сунушталып, беш номинацияда коргоого коюлмакчы.