2018-жылдын 14-17-май күндөрү ОшТУда “Биз – XXI-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу эл аралык жаштар сынагы өткөрүлөт.

Ош технологиялык университетинде КР Билим берүү жана илим министрлиги, балдардын республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясы, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулган 2018-жылдын 14-17-май күндөрү   “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу эл аралык жаштар сынагы өткөрүлөт. Буга өлкөбүздүн бардык аймактарынан жаш ойлоп табуучулар, жогорку окуу жайлардын: Ош технологиялык университети,  И.Раззаков атындагы КМТУ, Б.Ельцин атындагы КОСУ, Н.Исанов атындагы КМКТАУ, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, ОшМУ, ЖАМУнун студенттери жана Казахстан, Тажикстан, Өзбекстан, Белорусия, Орусиядан (Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан) окуучулар катышат. Кыргызстанда бул жылы сынак жыйырма биринчи жолу өткөрүлүп жатат