ОшТУда “Билим жана илимдеги физика-техникалык көйгөйлөр” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Бүгүн Ош технологиялык университетинде биология илимдеринин кандидаты, ОшТУнун профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы Асанов Маматазим  Асановичтин жаркын элесине  жана Физика кафедрасынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата “Билим  жана илимдеги физика-техникалык көйгөйлөр” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.  Бул конференцияга Улуттук илимдер академиясынан, Эл аралык инженердик академиясынан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын белгилүү окумуштуулар катышышты. Физика кафедрасында Асанов Маматазим  Асановичтин атына каана  ачылып, жалпысынан 5 секцияда 144 илимий баяндама окулду.